Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык Загрузка... 28 Март 2025 09:00
zher-titiroo.jpg
copyright icon WWW

Бишкек 28.03.25 /Кабар/. Бүгүн саат 07:17де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Тегирмен-Суу айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Аркит айылынан түштүк-батышка карай 17 чакырым аралыкта жайгашып, Аркит, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Ит-Агар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.