Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Кырсык Загрузка... 30 Март 2026 10:50
658976513_921727237.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Сейсмология институту

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү 30-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:07де катталып, күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Сейсмикалык активдүүлүктүн очогу Жалал-Абад облусунда жайгашкан:

  • Көл айылынан түндүк-батышты карай 18 чакырым алыстыкта;
  • Кара-Көл шаарынан түндүк-батышты карай 58 чакырым алыстыкта.

Жердин силкинүүсү Көл айылында 2 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок.