Жалал-Абад облусунда шайлоочулардын 34,8 пайызы добуш берүүгө катышты

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 20:51
592159306_1954796892054232_2580933745974557806_n.jpg
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында саат 20:00гө карата 277 миң 486 шайлоочу добуш берип, шайлоочулардын катышуусу боюнча жалпы көрсөткүч 34,8 пайызды түздү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус боюнча 5 шайлоо округу түзүлүп, 460 шайлоо тилкеси ачылган. Облус боюнча жалпы 796 756 шайлоочу катталган.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.