Жалал-Абад облусунда шайлоочулардын 3 пайызы добуш берди

Аймак Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3 пайызы, же 22 миңге жакын жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 5 шайлоо округу түзүлүп, 460 шайлоо тилкеси ачылды. Облус боюнча жалпы 796 756 шайлоочу катталган.

Президенттин өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы №2118 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Ал жарандарды шайлоо өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакырып, ар бир добуш өлкөнүн келечегин аныктоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ошондой эле Текебаев бул жолку шайлоодо аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү жарандар үчүн ыңгайлуулук жаратып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.