Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. 2026-жылдын 22-майында саат 19:10 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Манас шаарындагы Барпы Сейил, Эркиндик, Курортная жана Токтогул көчөлөрүндөгү турак үйлөрдүн короолорун жаан суулары каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча төмөнкүдөй зыян келтирилген:
- 24 турак үйдүн короосу;
- 3 турак үйдүн ичи жана 1 турак үйдүн жер төлөөсү;
- 2 социалдык объект;
- 3 мекеменин короосу;
- 5 соода түйүнү.
Жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштерине 338 адам, 14 бирдик техника жана 8 мотопомпа тартылды. Саат 23:00гө карата аткарылган иштердин натыйжасында 3 турак жайга кирген суулар коопсуз аймакка чыгарылды.
Белгилей кетсек, 22-майда Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда жана Таш-Көмүр, Манас шаарларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү жана турак жайларды суу каптаган. Учурда аталган аймактарда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилиги алдында координациялык иштер жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.