Манас шаарында эски темир жолдун ордуна жаңы унаа жолу салынууда

Аймак Загрузка... 01 Апрель 2026 13:20
5314255098424793140.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2024-жылы башталган жол долбоорлору активдүү уланып жатат. Жол курулуштарынын аякташы 2026-жылга жана 2027-жылдын баш жагына пландалган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча эң масштабдуу долбоорлордин бири Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу. Мындан тышкары, Манас шаарында эки маанилүү объект курулууда. Алар 2025-жылдын аягында башталган.

"Манас шаарындагы борбордук көчөдөн Барпы айылына чейин жаңы жол курулууда. Мурда бул жерден темир жол өткөн, бирок ал көптөн бери иштебегендиктен, азыр унаа жолу салынууда", — деди Чойбеков.

Ошондой эле шаардын инфраструктурасын жеңилдетүү максатында жаңы транспорттук артерия түзүлүүдө.

"Көк-Арт дарыясынан Благовещенка айылына чейин кошумча трасса салынууда. Бул Манас шаарынын Батыш айланма жолу болот. Учурда ушул тилкедеги иштер азыр жүрүп жатат", — деп кошумчалады ал.