Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Кырсык Загрузка... 03 Март 2026 10:05
645766152_900738549.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Сейсмология институту

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Кечээ, 2-мартта саат 18:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетип, очогу Токтогул шаарынан түштүккө карай 22 чакырым, Кетмен-Төбө айылынан түштүк-батышка карай 17 чакырым, Көк-Бел айылынан түштүк-батышка карай 3 чакырым жана Кара-Көл шаарынан түндүк-чыгышка карай 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Көк-Бел айылында 3,5 баллга жакын, ал эми Кара-Көл шаарында жана Кетмен-Төбө айылында — 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.