Жалал-Абад облусунда ири жашылдандыруу кампаниясы башталды

Аймак 31 Март 2025 17:05
487753272_1060733836099342_76.max-1920x1080.format-webp.webp
487886853_1060733369432722_27.max-1920x1080.format-webp.webp
487235733_1060733492766043_84.max-1920x1080.format-webp.webp
487709543_1060733882766004_69.max-1920x1080.format-webp.webp
487209950_1060733626099363_33.max-1920x1080.format-webp.webp
487942201_1060733672766025_22.max-1920x1080.format-webp.webp
488216673_1060733529432706_96.max-1920x1080.format-webp.webp
487217640_1060733796099346_67.max-1920x1080.format-webp.webp
487284479_1060733346099391_80.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен Жалал-Абад облусунда ири экологиялык кампания жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында 100 гектар аянттагы какыраган адырларга 40 миң көчөт отургузулуп, аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга чоң салым кошот.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев долбоордун маанисин баса белгилеп: «Табиятка инвестиция салуу – бул биздин экологиялык коопсуздукка жана Кыргызстандын жарандарынын жыргалчылыгына кошкон узак мөөнөттүү салымыбыз», – деп белгиледи.

Долбоордун алкагында жаңгак, мисте, бадам, алма, карагай, өрүк жана башка ийне жана жазы жалбырактуу дарактар тигилүүдө.

Көчөттөрдүн натыйжалуу өсүшүн камсыздоо үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Аны Түркиядан келген адистер ишке киргизип, көп жылдык пайдаланууга ылайыкташтырат.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, министрликтин өкүлдөрү, УКМКнын кызматкерлери, ошондой эле Токой чарбасынын адистери катышты.