Жалал-Абад облусунда 8 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Аймак Загрузка... 24 Ноябрь 2025 10:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 8 көмөк чордондун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Кубаттуулугу жогорулатылган көмөк чордондор:

  • 110/35/10 кВ Базар-Коргон – Т-1: 16 МВА → 40 МВА;
  • 110/10 кВ Барпы – Т-1: 10 МВА → 16 МВА;
  • 110/35/6 кВ Шамалды-Сай – Т -1 10 МВА - 16МВА; Т- 2 15 МВА → 16 МВА;
  • 110/6 кВ Көк-Таш – 6,3 МВА → 16 МВА;
  • 110/10 кВ Громадина – Т-2: 6,3 МВА → 10 МВА;
  • 35/10 кВ Комсомол – 10 МВА → 16 МВА;
  • 35/10 кВ Бекен – 4 МВА → 10 МВА;
  • 35/10 кВ Дзержинский – 2,5 МВА → 4 МВА.

Бул иштер каскаддык ыкма менен аткарылып, тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүүгө жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталды.

Мындан тышкары, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларында 83 миң "акылдуу" эсептегич орнотулду.

540 чакырым 6/10-0,4 кВ аба чубалгылары жана 557 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Бул иштер Жалал-Абад облусундагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону бекемдөөгө багытталган.