Жалал-Абад облусунда 32 миңден ашуун суур катталды

Коом Загрузка... 09 Июль 2026 12:05
images_1_Yn7YUoE.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында суурлардын санын эсепке алуу иштери аяктады. Санактын жыйынтыгында облус аймагынан жалпы 32 327 баш суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен түрлөрү боюнча көрсөткүч төмөндөгүдөй:

  • Кызыл суур — 19 157 (он тогуз миң бир жүз элүү жети) баш;
  • Мензбир сууру — 13 170 (он үч миң бир жүз жетимиш) баш.

Бул санак иштери Жаратылыш ресурстары министрлигинин буйругу менен бекитилген "Жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу жөнүндө" нускамасына ылайык, бекитилген тартипте жүргүзүлдү.