Жалал-Абад облусунда 229 271 жаран добуш берди – өкүлчүлүк

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 18:53
11_01Sc0UH.2e16d0ba.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында саат 18:00гө карата шайлоочулардын 28,8 пайызы, же 229 271 жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 5 шайлоо округу түзүлүп, 460 шайлоо тилкеси ачылган. Облус боюнча жалпы 796 756 шайлоочу катталган.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.