Жалал-Абад облусунда 2026 трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү

Аймак 18 август 2025 16:37
срс.jpg
срс7.jpg
срс5.jpg
срс3.jpg
f4dbb18a-0b81-4b2d-88ed-aec155422cb5.jpg
Алдыга
Артка
срс.jpg
срс7.jpg
срс5.jpg
срс3.jpg
f4dbb18a-0b81-4b2d-88ed-aec155422cb5.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2026 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырмага ылайык, 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында жумуштар мерчемделген планга ылайык жүргүзүлүүдө.

Алсак, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 12 район электр тармактарында жасалган жумуштардын көлөмү 70 пайызды түзөт.

Алдыда ноябрь айына чейин 213 даана трансформатор, 170,18 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы оңдоодон өткөрүлөт.