Жалал-Абад облустук ооруканасынын айланасы иретке келтирилүүдө

Аймак Загрузка... 20 Май 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ооруканасынын айланасы иретке келтирилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оорукананын айланасындагы дарыканалар, соода түйүндөрү буздурулуп жатат.

"Мындагы 10дон ашуун курулушту ыктыярдуу түрдө буздуруу боюнча мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан жыл башынан бери бир канча жолу эскертүүлөр берилген. Ошондой эле ижарачылар менен келишимдер токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

 Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын айланасын иретке келтирүү, эскилиги жеткен имараттарды буздуруу боюнча шаар мэрине, облус башчысына жана оорукананын жетекчисине тапшырмаларды берген.