Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 6 унаа тапшырылды

Аймак Загрузка... 01 Сентябрь 2025 15:55
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 6 даана автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар иш-чараларга катышып, Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 5 даана “Chevrolet Cobalt” жана бир даана “Chevrolet Captiva” автоунаасын тапшырды.

Белгиленгендей, унаалар “КУЭТ”ААКнын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынды.

Тапшырылган автоунаалар региондорго бөлүштүрүлүп берилди.

  • Чаткал РЭТ - Chevrolet Cobalt ;
  • Майлуу-Суу РЭТ - Chevrolet Cobalt;
  • Кара-Көл РЭТ - Chevrolet Cobalt;
  • Токтогул РЭТ - Chevrolet Cobalt;
  • Аксы РЭТ - Chevrolet Cobalt;

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын базасында 278 техника болсо, 3 жыл аралыгында акыркы тапшырылган 6 даана автоунааны кошкондо 62 даана жаңы авто унаа менен толукталды.

Мындан тышкары, Энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын башчысы Замирбек Боркошев Ардак грамота менен жана Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 220/110/10кВ "Төрөбаев" көмөк чордонунун башчысы Замирбек Ажиматов - КРнын Энергетика министрлигинин Алкыш каты менен сыйланды.