Бишкек, 11.07.25 /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жакырчылыкты азайтуу жана социалдык мобилизацияны жогорулатуу маселелерине арналган республикалык жыйынга катышууда. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.
Экономика министри жыйындын ачылышында катышуучуларга кайрылып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга өзгөчө маани берилерин белгиледи. Ар бир жаран өзүнүн потенциалын ишке ашырып, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошо алышы керектигин баса белгиледи.
"Жакырчылыкты азайтуу маселеси Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында "кызыл сызык" менен белгиленген. Программанын негизги максатына жетишүү туруктуу экономикалык өсүш, калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү шарттарын түзүү менен коштолушу керек", — деди министр.
Ошондой эле ал бүгүнкү жолугушууда конструктивдүү диалог жүрүп, өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүсүнө багытталган тең салмактуу экономикалык чечимдер кабыл алынарына үмүттөнөрүн айтты.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.
Жыйналыштын максаты — социалдык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу, жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу жана мамлекет менен эл аралык өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун аракеттеринин координациясын күчөтүү.