Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Чүй районундагы жалпы кубаттуулугу 1,7 МВт түзгөн “Шамшы” чакан гидроэлектростанциясынын курулуш иштери аяктоодо.
ГЭСтин административдик директору Талгат Искаков “Кабар” агенттигине маалымдагандай, учурда башкы гидротехникалык курулуштар толугу менен аяктады. Суу топтоо казанын/бассейнин (отстойник) куруу иштери 100% аяктап, авариялык суу өткөргүчтөр, суу түтүктөрүн орнотуу, машиналык залдагы иштер дагы толугу менен бүттү. Деривациялык каналдын 95 пайыз жасалды.
“Учурда туташтыруулар жана электр бөлүгүндөгү гана иштер калды. Жакынкы 10 күндүн ичинде ГЭС ишке киргизилет”,-деди ал.
Эске салсак, “Шамшы” чакан ГЭСинин курулушу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) тарабынан каржыланып, ага 1 млн доллар бөлүнгөн. Станция 1,7 МВт кубаттуулукка ээ болуп, жыл сайын болжол менен 10 млн кВт⋅саат электр энергиясын өндүрөт. Ал эми бул Чүй районунун керектөөсүнүн 10 пайызын жабууга жетет.
Подрядчы компаниялардын маалыматына ылайык, 10 кВ чыңалуудагы электр өткөргүч линиясы курулуп бүттү. Объектинин коопсуздугу үчүн төрт видеокамера орнотулган. Ошондой эле Чехиядан алынып келинген гидротурбина орнотулуу алдында турат.