Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Кыргызстандын ТИМ башчысы Дохадагы саммитке катышты

Саясат Загрузка... 16 Сентябрь 2025 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Күн мурун, 15-сентябрда Дохада КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеген делегация Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты.

ТИМден билдиришкендей, саммиттин иши ИКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет, өкмөт, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйын Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин төрагалыгында өтүп, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга арналды.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан сөз сүйлөп, президент кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп жатканын жана 2025-жылдын 9-сентябрында Доха шаарына жасалган соккуларды катуу айыптаарын белгиледи. Бул аракеттер эгемендүүлүктү одоно бузуу, аймактык бүтүндүккө кол салуу жана тынч мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруу катары бааланды. Ошону менен бирге ал Катар -кмөтүнүн өлкө коопсуздугун камсыздоого багытталган аракеттерин колдой турганын кошумчалады. 

ТИМ башчысы Кыргызстан бардык куралдуу ыкмаларды колдонуу аркылуу жаңжалдарды чечүүгө каршы экенин белгилеп, дүйнөлүк коомчулукту ок атууну токтотууга жана Газа секторундагы жай тургундарга гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Мындан сырткары, министр Кыргызстандын Палестина элинин өз алдынча чечим кабыл алуу жана көз карандысыз мамлекет түзүү укугун колдоого болгон туруктуу позициясын дагы бир жолу ырастап өттү.