Жакынкы Чыгыштагы жаңжал. Кыргызстандыктарга коопсуздук чаралары сунушталды

Коом Загрузка... 24 Июнь 2025 15:35
82cacd62-714b-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандарына жеке коопсуздук чараларын сактоону кайрадан сунуштайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, жарандарга төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталды:

- өзгөчө этият болуу;
- адамдар көп чогулган жерлерден алыс болуу;
- аскердик жана стратегиялык объекттерге жакын барбоо;
- кырдаал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барууну пландоодон баш тартуу;
- авиакаттамдардын статусу боюнча маалыматты үзгүлтүксүз текшерип туруу.

Өзгөчө кырдаал жаралганда же консулдук жардамга муктаж болгон учурда Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине, ошондой эле КР ТИМдин Консулдук департаментине дароо кайрылууну өтүнүбүз:

- Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 58 881 3567;
- Кыргызстандын Катардагы элчилиги: +974 5066 7001;
- Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +965 5170 2180;
- Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилиги: +966 58 376 9945;
- Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги: +971 2558 4955;
- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 68 00;
- Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +98 935 250 52 26;
- Кыргызстандын ТИМинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.