Жакынкы бир саат аралыгында Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлөт

Коом Загрузка... 13 Апрель 2025 22:51
365245045.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.04.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

"Шамал катталган учурда коопсуз жайларда болуңуздар! Өзгөчө жарнамалык калкандардан, электр чубалгыларынан, бак-дарактардан алыс болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.