Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 04 Июль 2026 10:25
WhatsApp_Image_2026_pDlnCtJ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 4-июлда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот.

Күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.