Жакында Жумгалда эл аралык деңгээлдеги ат чабыш жарышы өтөт – Касымов

Спорт Загрузка... 14 Июль 2025 09:20
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 11.07.25 /Кабар/. Жакында Жумгалда эл аралык деңгээлдеги ат чабыш жарышы өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөгө туристтерди тартуу үчүн кыска мөөнөттү бир катар долбоорлор бар. Алардын катарында аталган ат чабыш да бар. Ат чабышка отуздан ашуун өлкөнүн өкүлү келет.

“60 атчан Жумгал районунан Кызарт айылынан баштап 200гө жакын чакырым жол жүрүп, Соң-Көлгө чейин барышат. Долбоор буга чейин Иордония, Индия, Марокко мамлекеттеринде ишке ашкан. Бул ат чабыштын биздин өлкөдө да өтүп жаткандыгы абдан чоң сыймык”,-деди ал.

Касымов кошумчалагандай, мындан сырткары өлкөдө эл аралык веложарыш, “Рух санат” жана “Мейкин Азия” фестивалдары өтмөкчү.