Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү максатында дирекция түзүү пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда кышкы спортту өнүктүрүүгө бардык табигый шарттар, анын ичинде тоолор бар. Дирекцияны келерки жылы түзүү пландалууда.
"Ошондой эле өлкөдө суу спорт түрлөрүн өнүктүрүү каралып жатат", - деди Урмат Асанбаев.