Жакында Өзгөндө жаңы спорттук комплекс пайдаланууга берилет

Аймак 13 август 2025 15:04
Жакында Өзгөндө жаңы спорттук комплекс пайдаланууга берилет
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. 22-августта Өзгөн шаарында Ормонов Зулпукар атындагы жаңы спорттук комплекс пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу атайын уюштурулган майрамдык иш-чара саат 17:30да башталып, көрүүчүлөргө кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерт тартууланат.

Кеченин негизги бөлүгү — Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын 18-турунун алкагындагы "Өзгөн" жана "ОшМУ" командаларынын беттеши болмокчу. Беттештин башталышы саат 20:30га белгиленген.

Бул спорттук жайдын ачылышы — аймактагы спорттук базаны өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышын билдирет.