Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Жакында Токмок шаарында мээнин иштешин жакшырта турган куб чыгарыла баштайт. Бул тууралуу илимпоз, ойлоп табуучу Азамат Искембаев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Akural Cube адамдын эс тутумун жана көңүл буруусун жакшыртат. Куб менен машыгуу мээнин иштешин активдештирип, оорулардын алдын алат.
“Кубду куроо оорулардын алдын алууга, Альцгеймер жана деменция ооруларынын кесепеттерин азайтууга, психоэмоционалдык тең салмактуулукту кармоого, стресске жардамы тиет. Балдардын моторикасы үчүн да пайдалуу”, - дейт ал.
Азамат Искембаев белгилегендей, кубду чыгарчу завод 29-сентябрда Токмок шаарында ачылат.
“Akural Cube`ду электрондук соода аянтчаларында сатуу пландалууда. Ошондой эле экспорттоо үчүн да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок ага чейин Кыргызстандын мектеп, жогорку окуу жайларында жана кызыкдар тараптар арасында кубду колдонуу иштерин жайылтабыз деп ойлоп турабыз”, - деп кошумчалады ойлоп табуучу.