Жакында татаал тарыхый доорду чагылдырган "Кара-Кыргыз" сериалы көрсөтүлө баштайт

Маданият 15 Декабрь 2025 09:15
596567514_1159436556348099_5879115422491131768_n.jpg
FB_IMG_1765761844259.jpg
FB_IMG_1765761841477.jpg
FB_IMG_1765761839014.jpg
FB_IMG_1765761836752.jpg
FB_IMG_1765761834783.jpg
FB_IMG_1765761832449.jpg
FB_IMG_1765761830025.jpg
Алдыга
Артка
596567514_1159436556348099_5879115422491131768_n.jpg
FB_IMG_1765761844259.jpg
FB_IMG_1765761841477.jpg
FB_IMG_1765761839014.jpg
FB_IMG_1765761836752.jpg
FB_IMG_1765761834783.jpg
FB_IMG_1765761832449.jpg
FB_IMG_1765761830025.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. 27-декабрдан тартып улуттук телеканалдан жана "Этномедиа" онлайн-кинотеатрынан жаңы тарыхый "Кара-Кыргыз" сериалы көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Сериалда 1917-1924-жылдардагы татаал тарыхый доор, Үркүндөн кийинки кыргыз элинин тагдыры жана улуттук мамлекеттүүлүк үчүн күрөш чагылдырылат. Окуя 16 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун тагдыры аркылуу өрчүп, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков сыяктуу тарыхый инсандардын эл үчүн жүргүзгөн күрөшүн камтыйт.

Түркстан автономиясынын кулашы, Кандуу Кокон окуялары, ички карама-каршылыктар жана советтик репрессиялар сериалдын негизги драмалык өзөгүн түзөт. Улуттук биримдик, адилеттүүлүк жана эркиндик идеялары башкы тема катары берилет.

Долбоор ”Кыргызсериал" мамлекеттик мекемесинин каржылоосу менен "АРНА" продакшн тарабынан ишке ашырылган. Биринчи сезондо 4 серия көрүүчүлөргө тартууланат.

Режиссеру – Сүйүн Откеев, башкы продюсери – Жеңишгүл Өзбекова.

"Кара-Кыргыз" – тарых, эрдик жана эл тагдыры тууралуу маанилүү көркөм сериал.