Жаныш Кулманбетов: Эгемендүүлүктөн кийин кыргыз театрынын миссиясы өзгөрдү

Маданият
Жаныш Кулманбетов: Эгемендүүлүктөн кийин кыргыз театрынын миссиясы өзгөрдү
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Эгемендүүлүктөн кийин кыргыз театрынын миссиясы өзгөрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине театр таануучу жана сынчы Жаныш Кулманбетов билдирди.

Анын айтымында кыргыз профессионал театрынын түптөлүшү Совет бийлигинин орношу жана анын идеологиясы менен тыгыз байланышта болгон. Совет мезгилинде театр коммунисттик идеологияны жайылтууга кызмат кылса, эгемендүүлүк жылдарында анын чыгармачылык багыты өзгөргөн.

“Эгемендүүлүккө жеткенден кийинки мезгил — таптакыр башка доор. Бүгүнкү күндө кыргыз театры жалпы адамзаттык баалуулуктарга таянып, гуманисттик миссиясын аткарууга киришти деп айтсак болот”, — деди ал.

Ошондой эле театр таануучу учурда өтүп жаткан XIV республикалык театр фестивалынын өзгөчөлүгүнө токтолду. Анын айтымында, фестиваль кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүгө салым кошкон Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналууда.

Кулманбетов фестиваль жаңы чыгармачылык ачылыштарга жол ачып, көрүүчүлөргө жаңы пьесаларды жана сахналык чечимдерди тааныштырат деген үмүтүн билдирди. Фестивалда Кыргызстандын театрлары ат салышып, калыстар тобунун курамына чет өлкөлүк адистер да кирген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалы расмий ачылды. Ага эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, ар бири бирден спектакль тартуулайт.

Ошондой эле мааракенин алкагында Бишкектеги сейил бактарда концерттик программалар менен коштолгон театралдык коюмдар уюштурулуп, куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде балдар үчүн жомок-спектаклдерин тартуулашат.

Фестиваль 30-октябрда жыйынтыкталат. Ал эми 2-ноябрда кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган илимий конференция жана мааракенин салтанаттуу аземи өтөт.