Кыргыз театры Өзбекстанда: "Куса" моно спектакли үч шаарда көрсөтүлдү

Маданият 08 Июнь 2026 11:20
717821720_1296539242637829_3021640324401240743_n.jpg
718032725_1296539072637846_1586479113038434933_n.jpg
718943054_1296539235971163_1239670442875356010_n.jpg
718052379_1296539105971176_3620023088794429705_n.jpg
Алдыга
Артка
717821720_1296539242637829_3021640324401240743_n.jpg
718032725_1296539072637846_1586479113038434933_n.jpg
718943054_1296539235971163_1239670442875356010_n.jpg
718052379_1296539105971176_3620023088794429705_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын театр ишмерлери Өзбекстандын бир катар шаарларында чыгармачылык сапар менен болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда “Куса” моно спектакли Өзбекстандын Андижан, Ташкент жана Бухара шаарларында көрүүчүлөргө тартууланды.

Спектакль 2-июнда Андижан шаарында, 3-июнда Ташкенттеги Өзбекстандын жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында көрсөтүлдү. Иш-чарага Өзбекстандын маданият өкүлдөрү жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери катышты.

Ташкенттеги көрсөтүүдөн кийин Өзбекстандын жаш көрүүчүлөр театрынын жамаатына актердук чеберчилик боюнча мастер-класс өткөрүлүп, эки өлкөнүн театр адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуу болду.

Ошондой эле драматург Гүласал Алиеванын “Кыл көпүрө” драмасынын өзбек тилиндеги премьерасы өттү. Спектаклдин бет ачарына Кыргызстандын маданият өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери күбө болушту.

Белгилей кетсек, “Кыл көпүрө” драмасы буга чейин Кыргызстанда жаш режиссёр Жаңылай Исакова тарабынан сахналаштырылып, Түркияда өткөн эл аралык Малтепе фестивалында ийгиликтүү көрсөтүлүп, бир катар сыйлыктарга ээ болгон