Жакында Сузакта 945 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилет

Аймак 11 октябрь 2025 18:48
560937734_1656973228595012_5722091796399954341_n.jpg
1.jpg
2.jpg
549296542_1656973361928332_3536170037246639057_n.jpg
557609160_1656973311928337_6867461787652168905_n.jpg
558095150_1656973218595013_7021223288659619491_n.jpg
558194362_1656973371928331_3118808186543136812_n.jpg
558312494_1656973481928320_5702417618161048903_n.jpg
558439475_1656973421928326_3704833100515679716_n.jpg
558449268_1656973305261671_8043055994851408898_n.jpg
558774889_1656973445261657_4135233318733374558_n.jpg
558964030_1656973388594996_8381563949304008955_n.jpg
559360051_1656973278595007_2238581314392974320_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Винсовхоз айылында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, учурда “Асман-4” турак жай комплексинин курулуш иштери 93 пайызга аяктап, сапат жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Камчыбек Ташиев курулушту сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Бул комплексте жалпы 945 батир курулуп жатат. Ал 12 блоктон турат, ар бири 9 кабаттуу болуп салынган. Курулуш жыл аягына чейин толук аяктайт, ал эми расмий ачылыш президенттин катышуусунда ушул айда өтөөрү белгилүү болду.

Ошондой эле УКМК төрагасы жакын жайгашкан “Асман-11” турак жай комплекси менен да жеринен таанышты. Бул жерде учурда курулуш иштери үчүнчү кабатка жетип, жалпы 11 блок, 846 батир куруу пландалган.

Буга чейин бул аймак жеке тараптарга сатылып, кароосуз калган. Бирок, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде жер тилкеси толугу менен мамлекет менчигине кайтарылып, азыр анда эл үчүн арзан турак жайлар курулууда. Курулуш иштери баштан-аяк Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө турат.