Жакында пайдаланууга берилет: Балыкчы – Кочкор темир жолунда акыркы иштер жүрүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 11:30
748573002_1337497101365085_5196573867141360894_n.jpg
747695558_1541575677702070_5995559249456766789_n.jpg
747839848_1415358050431748_5081303889428068990_n.jpg
747931559_1946002356104915_181588633152308404_n.jpg
748053523_4657992504525409_743265440874760609_n.jpg
749232154_1900992234193586_3535015491246336753_n.jpg
749270050_1013130518375579_1491594271767219362_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргыз темир жолу" МИ

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Балыкчы – Кочкор жаңы темир жолунда жолду акыркы даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда поезддердин кыймылынын натыйжалуулугун жана кошумча коопсуздугун камсыз кылуу максатында темир жолдо алгачкы жолу заманбап ВПО-С үлгүсүндөгү машинанын жардамы менен жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана акыркы бүтүрүүчү иштерди жүргүзүүдө.

Аталган техника "Казакстан темир жолу" акционердик коому тарабынан убактылуу пайдаланууга берилген.

"Адистештирилген техниканы колдонуу темир жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана жолдун туруктуулугун акыркы ирет камсыз кылуу боюнча иштердин толук комплексин аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул иштер жаңы темир жол линиясын куруунун акыркы этаптарынын бири болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, жогорку өндүрүмдүү техниканы пайдалануу темир жолдун геометриялык тактыгын камсыздап, келечектеги поезд кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, ошондой эле курулуш иштеринин сапатын жана аткаруу ылдамдыгын кыйла жакшыртат.

Балыкчы - Кочкор жаңы темир жолунун жалпы узундугу 63,4 километрди түзөт. Учурда бул тилкенин жана Кочкор бекетинин эки кабаттуу имаратынын курулушу аяктап жатат.