Жакында Оштогу Навои паркы пайдаланууга берилет

Аймак Загрузка... 23 Март 2026 09:00
copyright icon WWW

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Жакында Ош шаарындагы Алишер Навои паркы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Күн мурун мэр Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге аталган паркта жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аталган жайда буга чейин баш-аламан жайгашкан эски соода күркөлөрү бузулуп, заманбап жаңы курулуштар курулуп, көрктөндүрүү иштери башталган.

Калаа башчысы аткарылган иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү менен 20-апрелде пайдаланууга берүү тапшырмасын койду.