Жакында Ошто Кең-Сай сугат суу станциясы ишке берилет

Аймак 06 Август 2025 11:11
528787005_1095754456076784_6177876028366694050_n.jpg
528128498_1095754549410108_669681710084354606_n.jpg
527866162_1095754439410119_1984077737515516498_n.jpg
527870436_1095754349410128_405001825295261030_n.jpg
527990860_1095754612743435_8239345805414533436_n.jpg
528082651_1095754389410124_6588346422476381094_n.jpg
528152851_1095754886076741_5576767594172713014_n.jpg
528533649_1095754506076779_7577226911258729283_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын четиндеги 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турган Кең-Сай суу насостук станциясы күз айларында ишке кирүүгө даярданууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул станция Кең-Сай массивиндеги 800 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бул аймакты толук өздөштүрүү үчүн адистер менен биргеликте техникалык жыйын өткөрүп, станцияны оңдоп-түзөө иштерин тездетүүнү тапшырды. Ал эми бул иштердин натыйжасында, станция сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берилмекчи.

Кең-Сай массивинен 15 жыл мурун Ош шаарынын үч миңден ашуун тургунуна жер бөлүнгөн. Эми станция ишке кирсе, бул жер тилкелери натыйжалуу пайдаланылып, тургундардын жашоо-шартын жакшыртат деп күтүлүүдө.