Жакында Москвада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

Экономика Загрузка... 08 Декабрь 2025 16:35
679b909702ba6.max-1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. 11-декабрда Москвада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин видео байланыш форматында өткөн жыйынында белгилүү болду.

Москвада өтө турган жыйында бүгүн кыргыз тарабы көтөргөн 2026-жылы жогорку деңгээлдеги расмий эл аралык иш-чараларды, атап айтканда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумун жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы расмий иш-чараларды өткөрүү максатында алып келине турган товарларга карата импорттук бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берүү маселеси каралат.