Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Жакында өлкө боюнча добуш берүү процесси тестирлөөдөн өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, тестирлөө 10, 20, 30-октябрда 2492 шайлоо тилкесинде өткөрүлөт.
“Мындан тышкары бүгүн 5 топ Россияга жөнөп кетет. Алар Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург, Иркутск шаарларында аралыктан добуш берүү процессин тестирлөөдөн өткөрөт. Мен бул шаарларда жашаган кыргызстандыктарга кайрылып кетет элем, шайлоо процесси, жабдуулардын иштеши тууралуу маалымат алып кетиңиздер. Мисалы, мен түштүк региондо катталгам. Бирок шаарда жашагандыктан, жакынкы жайгашкан шайлоо тилкесине барып, тестирлөө процессине катышып келем”, - деди ал.
Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.