Керамика, цемент жана лампа чыгарат. Жакында Кыргызстанда үч завод ишке берилет

Экономика Загрузка... 22 Апрель 2025 17:24
WhatsApp Image 2025-04-22 at 14.16.37.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Жакында “Кант" цемент заводу, “Майлуу-Суу" лампа заводу жана “Асыл Таш” керамика заводу ишке берилет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арсланбек Базиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл өлкөдө жалпы 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт. Анын ичинде курулуш материалдарын чыгарган - 38, энергетика тармагында - 24, тамак-аш өнөр жайында - 21, тоо-кен өнөр жайы тармагында -15, жеңил өнөр жай тармагында -9 ишкана ачылат. Мындан сырткары, унаа куруу, фармацевтика жана башка тармактарда өнөр жай обьектилери иштеп баштайт.

“Облустарга бөлүп карай турган болсок, Чүй облусунда- 32, Ош облусунда-22, Ысык-Көл облусунда-19, Нарын облусунда-17,Баткен облусунда-14, Жалал-Абад облусунда- 13, Талас облусунда-3, Бишкек шаарында-12, Ош шаарында-8 ишкана ачылат. Жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд 700 млн долларды түзөт. Анын ичинен 60%ы ички инвестициялар, ал эми 40%ы тышкы инвестициялар болот”,-деди ал.

Ал белгилегендей, ишканалардын ачылышынын натыйжасында өнөр жай тармагынын өсүшү 7 пайыздын тегерегинде болору күтүлүүдө.

“Ал эми ички дүң продуктун өсүшү 9-10%га көтөрүлөт”,-деди ал.