Жакында күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орточо 35%га көтөрүлөт - президент

Президент Загрузка... 08 Май 2025 10:53
WhatsApp Image 2025-05-08 at 10.51.48.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35%га көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук аянтында өтүп жаткан Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчы өз сөзүндө белгилегендей, мамлекет учурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрү баштаган күч органдары эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

“Эң акыркы үлгүдөгү заманбап техникаларды алып бердик. Биздин мекен коргоочулар заман талабына ылайык зарыл болгон бардык шарттар менен камсыздалды. Куралдуу күчтөрдүн аскердик бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскердик шаарчалардын жана горнизондордун инфратүзүмдөрү өнүгүүдө. Материалдык техникалык жабдуулар татыктуу деңгээлде камсыздалууда. Аскерлерибиздин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөөсү коомубузда өзүн ишенимдүү жана татыктуу сезиниши үчүн алардын айлык маяналары үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта көтөрүлдү. Убактылуу турак жайларда жашап жаткандыгы үчүн компенсациянын көлөмү да жогорулады. Бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес,мекенди коргоо кызматындагылардын күнү- түнү көз ирмебей эмгек кылган жоокерлердин мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраагы, биз коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдап жатабыз”, - деп белгиледи мамлекет башчы.