Россияда 10 кыргызстандыктын 1,8 млн рубль айлык акысы өндүрүлдү

Коом 6 октябрь 2026 12:25
Россияда 10 кыргызстандыктын 1,8 млн рубль айлык акысы өндүрүлдү
copyright icon WWW

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык 10 жаранга жалпы 1 млн 872 миң рубль өлчөмүндө айлык маяна боюнча карыз төлөнүп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 10 жаранынан “УМК” ЖЧКсы тарабынан эмгек акы төлөнбөй жатканы боюнча жамааттык кайрылуу түшкөн.

“Жарандардын эмгек укуктарын коргоо максатында өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, маселени сотко жеткирбей чечүү үчүн иш берүүчү менен сүйлөшүүлөр уюштурулду”, — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жана жетишилген макулдашууларга ылайык, кайрылган жарандарга 30-сентябрда айлык маяна боюнча карызы толугу менен төлөнүп берилди.