Жакында Бишкекте дагы бир бала бакча ачылат

Коом 8 октябрь 2025 18:00
Izobrazhenie_W_NPnwkKa.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Izobrazhenie_W_E8Rb9VE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Izobrazhenie_W_0g3Ubty.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Izobrazhenie_W_gi2sy55.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Izobrazhenie_W_oMrF4vm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда 20-октябрда №62 «Баластан» бала бакчасы ачыла турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин имараты муниципалитетке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин негизинде кайтарылган.

Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен бала бакчаларда балдардын көбүрөөк камтылышын камсыздоо үчүн жайылуучу керебеттер колдонулат. Бул 360тын ордуна 560 баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда имарат толугу менен оңдолуп, жаңы жабдуулар орнотулду, айлана-чөйрөсү жана ар бир топко ылайык оюн аянтчалары түзүлгөн.

Ишти аткарган подрядчы — «Лидер Хаус» ЖЧК.