Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда өлкөдөгү эң ири заманбап таза технологиялык автоматтык жана автоклавдык газоблок өндүрүүчү эко-завод жакында ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине газоблок өндүрүүчү заводду негиздеген “Газоблок Кей Джи” ЖЧКсынын жетекчиси Нурсланбек Балтабаев билдирди.
Анын айтымында, завод жылына 432 миң куб метр же 12 млн даана газоблок өндүрүү кубаттуулугуна ээ. Мында суткасына 1 миң 200 куб метр газоблок өндүрүлөт.
“Заводду курууга 67 пайыз чет элдик инвестиция, 33 пайыз жеке каражат сарпталган. Долбоордун жалпы наркы 12 млн АКШ долларын түзөт. Курулуштун аянты 5 гектарды ээлеген бул кыргыз-кытай биргелешкен ишканасында учурда жабдууларды орнотуу иштери жүрүүдө. Быйыл ишке берилүүчү ишканалардын катарында өндүрүштү ишке берүүгө даярданып жатабыз. Алдыда 1-ноябрга чейин 20 күндүн тегерегинде ишке киргизүү пландалууда. Мындай ири газоблок чыгаруучу завод буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Лейлек районуна завод ачканыбыздын себеби, аймактагы миграцияны токтотууга салым кошуу. Район чек арага чектеш болгондуктан, жарандар миграцияга кетип, ишке жарамдуулар аз”, - деди Балтабаев.

Белгилей кетсек, чек арадагы көйгөйлүү болгон миграция агымын жоюуга көмөктөшүүнү көздөгөн ишкана толук ишке кирсе, жергиликтүү тургундар үчүн 100-120 жумушчу орун камсыз кылат. Бүгүнкү күндө автоклавдык заводунун жабдуулары орнотулуп, инженердик системаларын талаптарга келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жумушчулар кабыл алынып, ишке жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында алдын ала окутуулар уюштурулган. Учурда 80 киши заводду куруу, көрктөндүрүү иштери менен алектенүүдө.
Маалымдалгандай, аталган заводдо газоблок Германия технологиясы менен өндүрүлүп, экологияга терс таасирин тийгизбейт. Учурга чейин өлкөдө газоблокту Өзбекстандан алып келишсе, эми өлкөнүн курулуш тармагы төмөн баада жергиликтүү өндүрүштөн ала алышат.
“Газоблок даярдалган ак кум бир гана Лейлек районунда болгондуктан, башка аймактарга ушул жерден ташып кетишет. Биз лицензия алып, өндүрүштү жеринде курдук. Эко-завод өндүргөн товар толугу менен ички рынокко чыгат. Негизи ак кумдун курамында айнек болгондуктан, газоблок мыкты сапатта. Акыркы мезгилде көп кабаттуу үйлөрдү курууда, дегеле курулуш тармагында газоблок кеңири колдонулууда. Газоблок менен үй куруу тез, ал эми курулган үй жылуу болот”,- дейт ишкана жетекчиси.

Негизи быйыл ишке берилүүчү 132 өндүрүш долбоорунун ичинен басымдуу бөлүгү курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар экендигин Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгы “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Маалымдалгандай, 2025-жылы ишке берилүүчү 132 ишкананын ичинен өнөр-жай өндүрүшү багытындагы ишканалардын саны төмөнкүдөй:
- курулуш материалдары – 47
- азык-түлүк иштетүү – 22
- жеңил өнөр жайы – 11
- машина куруу – 2
- желим буюмдарын өндүрүү – 1
- химиялык өндүрүш (минералдык жер семирткичтер, жарылуучу материалдар) – 4
- фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү – 2
- металлургиялык өндүрүш – 2
- айнек идиштерин өндүрүү – 1
- эмерек жасоо – 1
- таштанды ылгоочу завод – 1
- электр жабдууларын өндүрүү – 1
- кагаз буюмдарын өндүрүү – 1
Андан тышкары, тоо-кен тармагында 11, энергетика тармагында 14, соода-логистикалык борборлор 8, башка багыттардан 3 долбоор болуп, жалпы суммасы 1 млрд 15 млн АКШ долларын түзгөн 132 ишкананы жылдын аягына чейин ишке берүү пландалууда.
Өлкөдө курулуш материалдарына суроо-талап жогорулагандыгына байланыштуу ата-мекендик өндүрүшчүлөр курулуш материалдарын өндүрүүгө басып жасап жатышкандыгын Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Элдос Сагымбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде маалымдады.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө курулуш материалдарын өндүрүү тармагында чоң жылыштар бар. Акыркы 2-3 жылдын ичинде мамлекет тарабынан ипотекалык батирлер да көп курулуп жатат. Мындай шартта өлкөдө курулуш материалдарына суроо-талап жогору болууда. Ошондуктан ата-мекендик өндүрүшчүлөр курулуш материалдарын өндүрүүгө басып жасап, көлөмдөрү бардык тарапты камсыздоодо. Мамлекеттик жана жеке сектордо да курулуштар кызуу жүрүп жатат. Курулуп жаткан чакан жана ири ГЭСтерге да бир топ курулуш материалдары талап кылынат. Мында эң негизгилери цемент, кирпич сыяктуу материалдар ири көлөмдө керек. Буга чейин бул материалдардын бары сырттан импорттолуп келчү, акыркы 3-4 жылда бул тармакта өндүрүштүн көлөмү өсүп, көптөгөн курулуш материалдарын өлкөдөн эле сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды”,- дейт Сагымбаев.
Эскерте кетсек, быйыл ишке берилүүчү 132 ишкананын ичинен жалпы инвестиция көлөмү 334,4 млн АКШ долларын түзгөн 77 өнөр жай ишканасы бүгүнкү күндө ишке берилип, натыйжада 6 миң 391 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Эгер бардык өндүрүш пайдаланууга берилсе, жыл сонунда 11 миң 274 жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда.

Курулуш материалдарын өндүргөн ишканалардын көп ачылышы импорттук көз карандылыкты азайтып, ички рынокту арзан жана сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Курулуштун жанданышы өлкө экономикасынын өсүп жатканынын ачык мисалы. Ал эми Лейлек районундагы газоблок өндүрүүчү эко-завод өлкөдөгү эң ири заманбап 47 ишканынын бири. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 132 жаңы өндүрүш ишканасынын ишке берилиши - аймактардагы ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым. Бул мамлекеттин өнөр жай саясатынын туура багытта жүрүп жаткандыгынын жана инвестициялык чөйрөнүн жакшыруусунун көрсөткүчү.