Жакында Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунда каттам ачылат

Аймак 26 март 2025 11:19
e17765c817d70316a0b54f29c1eefb2b_XL.jpg
486559201_636483882472738_4318302678296118950_n.jpg
485809577_636483872472739_6004583091425621803_n.jpg
486608104_636483949139398_110278907512039092_n.jpg
486662059_636483999139393_2492205084112953435_n.jpg
486673057_636483939139399_292325636148545153_n.jpg
486861197_636483825806077_8310624566189417912_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Жакында Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунда каттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда №20 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери унаа жолдун 33-100-чакырым аралыгын кар күрткүдөн жана кар көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Тазалоо иштерине 1 даана автогрейдер жана 1 даана бульдозер тартылган. Учурда жолдун 66-чакырымында иштер уланып, 2025-жылдын 1-апрелине карата каттамды ачууга даярдык көрүлүүдө.

"Айдоочулардан жолдо этият болууну жана аба ырайынын шарттарын эске алууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.