Жайыт жерлерде мотоцикл айдаган эки жаранга айып салынды

Укук тартиби 20 октябрь 2025 13:00
68f5d5797aaf7-post_gallery_thumb-hd.jpg
68f5d56d62be4-post_gallery_thumb-hd.jpg
68f5d77cde70c-post_gallery_thumb-hd.jpg
68f5d57235586-post_gallery_thumb-hd.jpg
Алдыга
Артка
68f5d5797aaf7-post_gallery_thumb-hd.jpg
68f5d56d62be4-post_gallery_thumb-hd.jpg
68f5d77cde70c-post_gallery_thumb-hd.jpg
68f5d57235586-post_gallery_thumb-hd.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Жайыт жерлерде мотоцикл айдаган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан мотоциклдерин айдоо фактылары аныкталды.

Текшерүү маалында жайыт жерлерде Эндуро мотоциклин айдаган эки жаран кармалып, аларга 2 протокол түзүлүп, ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 11 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

"Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын, өзгөчө жайыт аймактарын жана экосистеманы бузган ар кандай мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү улантыларын белгилейт",-деп айтылат маалыматта.