Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көл облусунун Көк-Жайык жайлоосунда жаратылышты коргоо багытында ири рейддик иш-чараларды өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө министрлер кабинетинин "Айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө" токтомунун талаптары боюнча ижарачыларга жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай текшерүүлөр учурда өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.
Адистер жайыттар – эндуро трассасы же унаа токтотуучу жай эмес, ал келечек муун үчүн сактала турган улуттук байлык экенин эскертишти. Жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана жер кыртышын бузуу фактылары үчүн 5 миң 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул каралган.

"Учурда интернет айдыңында ээнбаштык менен жайлоолорду жана көл жээктерин унаа менен талкалап жаткан видеолор боюнча талдоо иштери башталды. Мыйзам бузган ар бир айдоочу аныкталып, катаал чаралар көрүлөт. Кандай гана транспорт болбосун, ал белгиленген жолдор менен гана жүрүүгө тийиш", - деп айтылат маалыматта.