Жайыл районунда бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды

Аймак 810 13 Февраль 2025 10:39
479189252_1467670364191967_4008601864315510201_n.jpg
477313764_1467670404191963_8867409181296096464_n.jpg
477144737_1467670394191964_8530522886345921247_n.jpg
477662612_1467670344191969_7462711853585848810_n.jpg
477789932_1467670337525303_7778633386862099497_n.jpg
479194047_1467670374191966_314815864017275048_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Жайыл районундагы Сосновка айылындагы бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды.

2017-жылы К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон.

Тактап айтканда, коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен Сосновка айылындагы мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы С.К.Ж.нын жана агасы С.А.К.нын атына каттатып алган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышып, аларды өз ыктыяры менен Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.