Жайыл районунда жаңы кичи футбол аянтчасы ачылды

Спорт Загрузка... 13 Ноябрь 2025 17:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары -УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин таршырмасынын негизинде Жайыл районунун Малтабар айылындагы жалпы билим берүү мектеби үчүн курулган жаңы кичи футбол аянтчасы ачылды.

УКМКдан билдиришкендей, буга чейин айыл тургундары Ташиевден жаштар үчүн спорт аянтчасын курууга көмөк көрсөтүүнү суранып кат жолдошкон. Мындан улам УКМК төрагасы Малтабар айылына заманбап футбол аянтчасын тез арада куруу тапшырмасын берген.

Жыйынтыгында 2 ай аралыгында курулуш иштери жыйынтыкталып, фубол аянтчасына жасалма газон төшөлүп, жарыктандыргыч орнотулган. Ошондой эле айлана-чети көрктөндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Имамназар Бурканов, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик медициналык кызматтын башчысы Назира Жанакеева, Малтабар айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана айылдын тургандары катышты.