Жайыл районунда мыйзамсыз соодага каршы рейдде 410 литр бензин алынды

Аймак 04 Сентябрь 2025 15:05
541713758_813893301296904_44099802269604959_n.jpg
542012950_813893287963572_5853717092492673565_n.jpg
541272301_813893297963571_3414660732262094914_n.jpg
542232851_813893294630238_8196847091685306519_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Чүй облусунун, Жайыл районунда мыйзамсыз соодага каршы рейдде 410 литр бензин алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-сентябда Чүй облусунун Жайыл районунда милиция кызматкерлери рейд өткөрүп, жол боюнда мыйзамсыз күйүүчү май (бензин) сатып жаткан жарандарды текшеришти.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз 410 литр бензин сатып жаткан киши кармалып, ага тиешелүү акт түзүлдү.

Мыйзам бузгандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 161-беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.