Жайыл районунда балык уулоого кетип, дайынсыз болгон жаран изделүүдө

Аймак Загрузка... 22 Май 2025 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы эркек адамдын сөөгүн издөө иштерин уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине бүгүн Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.

Эске салсак, 2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылкы Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Кечээ, 21-май күнү ИИМдин өтүнүчүнүн негизинде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылды. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан улантууга чыгышты.

Кошумча маалымат берилет.