Жайыл районунда дайынсыз кеткен жаранды издөө иштери бир аптадан бери уланууда

Аймак Загрузка... 27 Май 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек 27.05.25 /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясынан изделип жаткан адамды иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө иштерине бүгүн, 27-май күнү саат 07:00дө Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу, 1 дрон тартылды.

Ага кошумча Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, туугандарынан 10, жалпы 28 адам чыкты.

Эске салсак, 2025-жылдын 19-майы күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.