Жайыл районунда 260 гектарга помидордун көчөтү комбайн менен отургузулган

Аймак Загрузка... 17 Июль 2025 17:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек 17.07.25 /Кабар/. Жайыл районунда 260 гектар жерге помидорлордун көчөтү комбайн менен отургузулган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Быйыл Жайыл районунун дыйкандары помидордун “хайнс”, “талент”, “бленд” жана башка сортторун отургузуп, учурда жакшы түшүм алуунун алдында турушат. Жаңы ыкма менен помидорлор биринчи жолу отургузулган.

Ал жалпысынан 260 гектар аянтты камтыйт. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча комбайн менен отургузууда продуктка болгон өздүк нарк төмөндөйт. Себеби, кошумча жумуш күчү талап кылынбайт, убакыт үнөмдөлөт жана ал түшүмдүлүүккө жакшы таасирин тийгизип, көлөмү жогорулайт. Жалпысынан 260 гектарга помидордун көчөтүн отургузуу 3 жумадай убакытты талап кылган.

Алгач көчөттөр керектүү мезгилге чейин күнөсканада өстүрүлүп, андан кийин ал талаага айдалган. Буга чейин бул комбайндар Панфилов районунун дыйкандарынын пайдалануусунда болгон. Азыркы тапта жалпысынан Жайыл районунда ушуга окшогон 4 техника бар.