Сугат суу менен камсыздоо жакшырат: Чүйдө Кайырма каналы оңдолууда

Аймак 23 Апрель 2026 13:23
678251653_122210200100341273_3053054372756889789_n.jpg
678141746_122210199986341273_4749189654004103698_n.jpg
678323975_122210200034341273_1800444662350218691_n.jpg
Алдыга
Артка
678251653_122210200100341273_3053054372756889789_n.jpg
678141746_122210199986341273_4749189654004103698_n.jpg
678323975_122210200034341273_1800444662350218691_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Чүйдүн Жайыл районундагы Кайырма суу каналына бетон катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Каналдын жалпы узундугу 10 123 метрди түзүп, анын 2 500 метрине бетон катмары төшөлүүдө. Бул жалпысынан 13 610 квадрат метр аянтты түзөт.

Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча 35 млн 386 миң сом бөлүнгөн.

Бетон катмарын төшөө иштери аяктаса, 2 154 гектар жер аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат.

Аталган канал 1966-жылы ишке берилген. Анын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү буга чейин секундасына 3 куб метрди түзсө, оңдоо иштери аяктагандан кийин суунун өтүмдүүлүгү кыйла жогорулайт.