Кара-Балтада 106 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды

Аймак 28 Январь 2026 15:04
623367914_1213622034290180_6389506348382843929_n.jpg
623844967_1213622047623512_4942464814807698217_n.jpg
Алдыга
Артка
623367914_1213622034290180_6389506348382843929_n.jpg
623844967_1213622047623512_4942464814807698217_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Жайыл районунда баасы дээрлик 106 млн сомдук социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндөгү социалдык объект (автобаза) жер тилкеси менен биргеликте мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн аталган социалдык объект толугу менен мамлекетке кайтарылды. Кайтарылган объектин базар баасы 105,9 млн сомду түзөт.