Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Түп районунда учурда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаровдун Түп районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалымдалгандай, алардын катарында “Күрмөнтү” цемент заводун, Түп ГЭСин жана агрологистикалык борборду куруу бар.